Расин Жан

Википедия дан

Расин Жан (21. 12. 1639, Франция, Валуа графтыгы Ферте-Милон – 21. 4. 1699, Париж) – франциялык драматург, классицизм өкүлү. Француз академиясынын мүчөсү (1673). Пор-Роялдын янсенизм мектебинен окуган. 1664-жылы «Фиваида же касташкан ага-инилер» деген туңгуч трагедиясы жарыяланган жана коюлган. «Улуу Александр» (1666), «Андромаха» (1668), Британник» (1670), «Береника» (1671), «Баязет» (1672), «Митридат» (1673), «Ифигения Авлидада» (1675), «Эсефирь» (1689), «Аталия» (1691) ж. б. трагедияларында монархиялык зулумдук менен андан запкы жегендердин ортосундагы карама-каршылык, адеп-ахлак маселелери сүрөттөлгөн. Расиндин трагедияларында адамдын ички дүйнөсү реалдуу чагылдырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]