Рассел Кроу

Википедия дан

Рассел Айра Кроу (англ. Russell Ira Crowe; 1964-жылы 7-апрель) – актер, продюсер жана музыкант. Жаңы Зеландиянын жараны болгондугуна карабастан Кроу көп жылдар бою Австралияда жашаган. Актерго эл аралык атактуулук продюсер Ридли Скоттун "Гладиатор" (англ. Gladiator) аталышындагы 2000-жылдык тарыхый эпикалык тасмасында римдик генералы Максимус Деций Меридийдин ролун аткарганы менен келген, бул ролуна актер "Оскар", Broadcast Film Critics Association Award, "Империя", London Film Critics' Circle Award сыйлыктардын "Эң мыкты актер" номинацияларына ээ болуп 10 башка "Эң мыкты актер" номинацияларга талапкер болгон.

1999-жылы актер "Инсайдер" (англ. The Insider) тасмасында тамеки фирмасынын маалыматтоочусу Жеффри Уигандын ролун аткарып беш "Эң мыкты актер" номинациясына ээ болуп, ушул эле номинациянын жетөөсүнө талапкер болгон. 2001-жылы Кроу "A Beautiful Mind" (англ. Акылдын оюндары) тасмада математик жана Нобель сыйлыгынын лауриаты Нэш Жон Форбстун ролун аткарып, бир канча сыйлыктарга ээ болгон. Алардын ичинде BAFTA сыйлыктын "Эң мыкты башкы актер" номинациясы, "Алтын глобус" сыйлыктын "Драма жанрындагы тасмада тартылган эң мыкты актер" номинациясы жана АКШ киноактерлор гильдиясынын сыйлыгынын "Башкы актердун көрүнүктүү роль аткаруусу" номинациясы кирет.

Кроу тартылган башка тасмалар: "Ромпер Стомпер" (англ. Romper Stomper, 1992), "Лос-Анжелес сырлары" (англ. L.A. Confidential, 1997), "Устат жана командор: Жердин кыры" (англ. Master and Commander: The Far Side of the World, 2003), "Күлала адам" (англ. Cinderella Man, 2005), "Америкалык гангстер" (англ. American Gangster, 2007), "Иш абалы" (англ. State of Play, 2009), "Робин Гуд" (англ. Robin Hood, 2010), "Жардылар" (англ. Les Misérables, 2012), "Болот адамы" (англ. Man of Steel, 2013) жана "Нух" (англ. Noah, 2014). Кроудун эмгектери актерго бир канча сыйлыктарды алып келген, ошондой эле ага Голливуд жылдыздар аллеясынан бир жылдыз берилген, буларга кошумчалуу актер үч жыл катары менен (1999–2001) "Оскар" сыйлыктын талапкери болгон. Актер "Алтын глобус" сыйлыктын "Эң мыкты актер" номинациясына, бир BAFTA сыйлыгына жана бир "Оскар" сыйлыгына ээ. Кроу "Саут Сидней Рэббитоуз" (англ. South Sydney Rabbitohs) аталышындагы австралия улуттук регби лигасынын командасынын кош-ээси.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]