Растрелли Бартоломео Карло

Википедия дан

Растрелли Бартоломео Карло [1675, Флорендия – 18 (29). 11. 1744, Петербург] – италян жана орус скульптору. Орус бароккосунун (18-кылым) ири өкүлү. Растрелли Людовик ХIVнүн сарайында иштеген. 1716-жылы Пётр Iнин чакыруусу менен Петербургда иштеген. Чыгармачылыгына бароккого таандык салтанаттуулук, асемдүүлүк жана тартып жаткан материалдын өзгөчөлөгүн бере билгендик мүнөздүү (колодон куюлган «Падыша айым Анна Ивановна арап бала менен» статуясы; Пётр Iнин бюсту, Мамлекеттик Эрмитаж – Мамлекеттик Орус музейи ж. б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]