Ратификация

Википедия дан

РАТИФИКАЦИЯ (латын ratus – бекилген, facio – жасайм) – мамлекеттин дайындалган өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимди мамлекеттик жогорку бийликтин бекитиши. Ошондо гана түзүлгөн келишим укуктук толук күчүнө кирет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.