Рафа Айдарбекова

Википедия дан

Калып:В инкубаторе Рафа Иманалиевна Айдарбекова – (1918 -1996) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, медицина кызматынын полковниги, 1-Москва медициналык институтунун бүтүрүүчүсү, доцент, медицина илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын эмгек сиңирген доктору. Рафа Айдарбекова өз ыктыяры менен фронтко жөнөп кеткен алгачкы кыргыз аялдарынын бири. Иманалиевна Айдарбекова 1996-жылы дүйнөдөн кайткан.


Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рафа Иманалиевна 1918-жылы Пишпек шаарында туулган. Атасы Иманали Айдарбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, Кара-Кыргыз революциялык комитетинин төрагасы (1924-1925), Республиканын Эл чарба Борбордук кеңешинин төрагасы (1927) болгон. 1937-жылы жалган жалаа менен камакка алынган. Рафа Айдарбекова атасы тууралуу чындыкты 1991-жылы гана билген. Атасы 1938-жылы 8-ноябрда атууга кеткен. Ал репрессияга учураган 138 кыргызстандыктын арасында Бишкек шаарынан анча алыс эмес Чоң-Таш айылындагы мүрзөгө көмүлгөн.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Эл душманынын” үй-бүлө мүчөсү катары Рафа Иманалиевна Кыргызстанда билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылып, Москвага кеткен. Москвада Рафа Иманалиевна ооруканага медайым болуп ишке орношкон. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ал 1-Москва медициналык институтуна тапшырып, эртең менен жана түштөн кийин окуп, түнкүсүн ооруканада медайым болуп иштеген.

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Рафа Иманалиевна мөөнөтүнөн мурда, 1941-жылы 1-Москва медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүрүп, өз ыктыяры менен согушка аттанган. Ал фронтто подполковник наамын алган биринчи кыргыз аялы болгон.

Согуштун биринчи күнүнөн акыркы күнүнө чейин Рафа Иманалиевна армияда калып, эмгек жолун автотранспорт батальонунда дарыгер болуп баштап, согуштун аягында 4-Украина фронтунун хирургия бөлүмүнүн башчысы болгон. Москванын жанында, Ленинград, Волхов, 7-Украина фронтторунда салгылашып, Австрияны, Болгарияны, Венгрияны, Польшаны, Румынияны, Югославияны бошоткондор менен болуп, Жеңиш майрамын Прагада тосуп алган.

Согуш жылдары хирург Айдарбекова дээрлик 800 операция жасаган. Анын кесипкөйлүгү менен Кызыл Армиянын көптөгөн жоокерлери жана командирлери аман калган. Аскердик дарыгер Айдарбекованын согуштагы  эмгеги үчүн Ленин жана II даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери, 14 медаль жана башка көптөгөн ордендер менен сыйланган.

Рафа Айдарбекова 1946-жылы гана демобилизацияланган, себеби ал жетектеген хирургиялык госпитал согуш аяктагандан кийин дагы бир жыл бою Польшада согуштан кайткан советтик жоокерлер менен офицерлерге медициналык жардам көрсөтүп турган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фронтто Рафа Айдарбекова өмүрлүк жары менен таанышкан. Ал армиядагы хирургиялык госпиталдын башчысы болуп туруп, үч миңден ашык хирургиялык операцияларды жасап, миңдеген жоокерлер менен офицерлердин өмүрүн сактап калган аскердик хирург Зыфар Игембердиевич Игембердиев болгон. Ал да армиянын курамында Берлинге чейин жетип, жеңишти ошол жерде тосуп алган.

Согуштан кийин 1947-жылы Рафа Иманалиевна ага турмушка чыккан. Зыфар Игембердиевич Москвада белгилүү академик А.В. Вишневскийдин жетекчилиги алдында доктордук диссертациясын коргогон. Кийинчерээк профессор З.И. Игембердиев Кыргызстандын саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Профессор Кыргызстанда биринчи күйүк борборун ачкан. Улуу Азамат Айдарбеков Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын (КММА) бүтүргөн, хирург, доцент. Небереси Айжан, медицина илимдеринин кандидаты, хирург, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында иштейт.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Согуштан кийин Рафа Айдарбекова кандидаттык диссертациясын жактаган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун хирургия кафедрасынын доценти болуп иштеген 40 жылдын ичинде көптөгөн билимдүү жана квалификациялуу адистерди даярдаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бектурганова Күлбүбү Арыковна. Кыргызстандын асыл кыздары. Сүрөтчүсү А. Касымалиев. – Б.: Мамл. тил ж-а энциклопедия борбору, 2006. – 334-335 .ISBN 9967-14-040-2

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айжан Айдарбекова. КРСУнун Ɵлбөс полку. Аскердик дарыгер (медициналык кызматтын полковниги Рафа Айдарбекова)