Рахмадеев Эркегали

Википедия дан

Рахмадеев Эркегали (1. 8. 1932, азыркы Чыгыш Казакстан областы, Аягөз району Маданият айылы – 9. 4. 2013, Астана, сөөгү Алматыга коюлган) – казак композитору, педагог, профессор (1979), Казак ССРинин (1975) жана СССРдин (1981) эл артисти, Казакстан Республикасынын Баатыры (2010). Алма-Ата музыкалык окуу жайын (1952), Алма-Ата мамлекеттик консерваториясын (1957) бүтүргөн. Казак ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Алма-Ата консерваториясында фольклор кабинетинин башчысы (1958–59), Казак филармониясынын көркөм жетекчиси (1959–61), Казак ССР маданият министрлигинде Башкы башкармалыктын башчысы (1961–65), Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын директору (1965–67), Курмангазы атындагы Алма-Ата консерваториясынын ректору (1967–75), Казакстан композиторлор союзунун төрагасы, СССР композиторлор союзунун секретары (1968–90), Казакстан Республикасынын маданият министри (1990–93) болуп иштеген. Рахмадеев 6 опера («Камар-сулуу», «Алпамыс» ж. б.), симфониялык поэмалардын, күүлөрдүн («Амангелди», «Дайрабай», «Майрам күүсү» ж. б.), скрипка жана үйлөмө аспаптар үчүн концерттердин, вокалдык-симфониялык, вокалдык-хореографиялык, казак эл аспаптар оркестри жана хор үчүн чыгармалардын, романстар менен ырлардын автору. Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург), Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында автордук концерттери өткөн. Казак ССР Жогорку Советинин 5 жолку (1967–91) жана СССР Жогорку Советинин (1989–91) депутаты. Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]