Рахматуллин Халил Ахмедович

Википедия дан

Рахматуллин Халил Ахмедович (23. 4. 1909, Токмок шаары – 10. 1. 1988, Москва) – советтик механик жана педагог, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1979), Өзбек ССР Илимдер академиясынын академиги (1947). 1925-жылы Ташкент педагогикалык окуу жайын бүтүп, ошол окуу жайда окутуучу болуп иштеген. ММУну бүтүрүп, (1934), ошол жерде өмүрүнүн аягына чейин газ динамикасы жана толкун динамикасы кафедраларынын башчысы болуп иштеген. Негизги эмгектери газ динамикасына, серпилгичтүү жана серпилгичтүү-пластикалык толкундардын теориясына, парашют теориясына, көп компоненттүү чөйрөнүн кыймылына ж. б. арналган. Анын илимий эмгектеринин негизинде космос аппараттарынын жерге жумшак түшүшүн камсыздаган парашюттун түрлөрү жасалган. СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1969, 1974). 4 Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Рахматуллиндин ысымынан медаль белгиленген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]