Рашоньи Ласло

Википедия дан

Рашоньи Ласло (1899-1984 жж.), венгр чыгыш таануучусу, түрколог жана тарыхчысы. 1899-ж. Австор-Венгриянын Липтозентимиклос шаарында туулган. 1984-ж. Будапешт шаарында дүйнөдөн кайткан. Түркиядагы Мажар таануу (венгр таануу) илимий Борборун негиздеген. Будапешт жана Берлин университеттеринен билим алган. Венгрлердин тегин изилдөө максатында түрк тилдерин ынтаа коюп үйрөнгөн. 1929-ж. Хельсинки (Финляндия) университетинде ищтегендиги маалым. 1933-1934-ж. Ласло Рашоньи Стамбул университетине профессорлук кызматына чакырылган. 1935-ж. Анкара университетинин Тил, тарых жана география факультетинде иштейт, ушул университетте мажар таануу багытындагы китепкананы негиздеген, бул жерде 1942-ж. чейин илимпоздук жумушун уланткан. Венгрияга кайтып келгенден кийин, Будапешт университетинде, Венгр Илимдер Академиясында түркология борборлорун түзүлүшүнө роль ойногон.

Эмгектери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Tuna Köprüleri, Türk Kültürünü Araştırma Enstitüsü
  • Tarihte Türklük, Örgün Yayınları
  • Türk Devletinin Batıdaki Vârisleri ve İlk M. Türkler, TKAE Yayınları
  • Doğu Avrupa'da Türklük, Selenge Yayınları
  • Anadolu'da Hristiyan Türkler

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]