Реабилитация (актоо)

Википедия дан

Реабилитация (актоо) (кийинки лат.– rehabilitatio – укугун калыбына келтирүү) – укуктарын калыбына келтирүү. 1) кудуретсиздик иштерде карызкордун төлөм жарамдуулугун калыбына келтирүү максаттарында колдонулуучу жолжобо. Сот же соттон тышкаркы тартипте калыбына келтирүү карызкор-юридикалык жакка жана сот тартибинде гана карызкор-жеке ишкерге карата жүргүзүлөт; 2) организмдин бузулган иштөө милдеттерин, ошондой эле оорулуулардын жана майыптардын социалдык милдеттерин жана эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө (же компенсациялоого) багытталган медициналык, педагогикалык жана социалдык иш-чаралардын комплекси; 3) саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын жана куугунтукталган элдерди Р-лоо бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Р-ланган адамдын жоготкон укуктары, аскердик жана атайын наамдары калыбына келтирилет, аларга мамлекеттик сыйлыктары, жеңилдиктери кайтарылып берилет, мыйзамдарда белгиленген тартипте компенсациялар төлөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]