Реабсорбция

Википедия дан

Реабсорбция (ре... латынча absorption – жутуу, сиңирүү) – бөйрөккө, бездерге келген алгачкы секреттен же кан сары суусунун ультра чыпкасынан сууну жана анда эриген затты кайрадан сиңирүү. Каналчалар менен түтүкчөлөрдүн клеткалары суюктуктун өзгөчөлүгүнө жараша организмге зарыл заттарды алат. Реабсорбциянын натыйжасында организмде биологиялык баалуу заттар кармалып, ички чөйрөнүн осмостук активдүү заттарынын концентрациясы сакталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]