Реборн (куурчак)

Википедия дан
Реборн куурчагы

Реборн (англ. Reborn) — Куурчак түрү. Жаңы төрөлгөн наристе эмне кылса ошону аткара алган бул куурчактарды “тирүү куурчактар” же “жансыз куурчактар” деп да коюшат. Бою жана салмагы жаңы төрөлгөн наристеникине барабар бул куурчак комплектиси менен сатылат. Башкача айтканда, упчудан тартып тамактануучу столу, кийим-кечелери менен. Алгачкы реборн куурчагы 2002-жылы АКШда сатыкка чыккан.Кардарлардын дээрлик 90 пайызы орто курактагы жана карып калган аялдар.Айрым куурчактарынын туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүгү же багып алынган деген сертификаты болот. Ал эми айрым жаштар балалуу болуудан мурун реборн куурчактарын сатып алып, наристеге туура кам көрүү боюнча алдын ала даярдана алат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]