Ревизионизм

Википедия дан

Ревизионизм - Кандайдыр бир макулдашуунун же бир доктринанын же болбосо беренелер жыйнагынын өзгөчөлүк киргизүү максатында кайрадан каралышын каалаган агым же муну иш жүзүнө ашыра турган саясий иш-аракет.

Мисалы, Германия I Дүйнөлүк согушта жеңилгенден кийин Версаль келишиминин кээ бир өкүмдөрүнөн кутулуш үчүн кол коюп, аларды өтүмсүз деп эсептей турган саясий тең салмактуулук куруу аракетин көргөн жана бул максатта курган системасын ревизионисттик фронт деп атаган. Бул фронтто Африка менен Жер Ортолук деңизиндеги жерлерге көзү түшкөн Италия менен төңкөрүш артынан жалгыз калган жана I Дүйнөлүк согушта бир топ жеринен айрылган Россия да бар болчу. Кийинчерээк Россия бул фронттон чыгып кетсе да бул фронтту жетектеген Германиянын Польша менен болгон согушуна катышып, бир топ жер үлүшүнө ээ болгон. Кийин бара-бара согуштун оту тутанып отуруп, II Дүйнөлүк согуштун чыгуусуна себепкер болгон. 1960-жылы Россиянын Кытайга көрсөткөн жардамынын токтотулушу менен коммунисттик режимде жашаган бул эки өлкөнүн арасындагы мамилелерде ажырым пайда болгон. Ушундан улам Кытай экономикалык жана социалдык жактан өзүнөн бир топ жогору турган Россияны коммунизмдик 121 теориялардан алыстап, буржуазиялаша баштады, капитализмге жанашуу менен доктринасын өзгөртүп ревизионисттик саясат жүргүзө баштады деп күнөөлөгөн жана Кытай ушул күнгө дейре бул көз карашынан кайтпай келет. Кээде эки өлкөнүн ортосундагы мындай мамилени согуш чыгарышы мүмкүн деген ой-пикирлер бар.

Мындан башка ревизионисттик иш-аракет Цюрих жана Лондон келишимдеринин негизинде 1960-жылы түзүлгөн Кипр Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн жана конституциясын өзгөртүү үчүн аракеттенген Макариостун жүргүзгөн саясатында байкалат. Макариос 1960-жылы жогорудагы келишимдерге өзү кол коюп туруп, кайра өзү бузган, өзү тебелеп-тепсеген жана аз убакыттан кийин ревизион жолун ачуу үчүн мамлекет башчысы болгондугуна карабастан, өз калкына каршы арамза бир саясат жүргүзө баштаган, акырында өлкөсүн түрдүү кризистерге дуушар кылган.

Акыркы жылдарда Батыш Германия менен Чыгыш өлкөлөрү ортосунда түзүлгөн Остполитика саясаты ревизионизм жарата турган курч маселелерди жумшарткан. Анткени II Дүйнөлүк согуштун натыйжасында айрыкча эски немис аймагына байланыштуу жаңы пландар түзүлгөн жана чек араларда өзгөртүүлөр болгон. ФРГ мурдагы чек араларына байланышкан ойлорун дале коомчулукка сунуштоодо. Бул болсо чек араларды кайрадан карап чыгууну талап кылуу жана ревизионизмге кайрылуу дегенди түшүндүрөт. Бирок Остполитика саясатынын негизинде Европадагы кээ бир чындыктар ачыкка чыккан жана бул абал башка Европа өлкөлөрүн бул чындыкты көрүүгө жана ФРГ менен мамилелерин түзөтүүгө аргасыз кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9