Регенератор

Википедия дан

Регенератор (латынча regenero – кайрадан жасайм) – жылуулук ташыгычтар кезек-кезеги менен аппараттын бир жак гана бетине тийишкенде жылуулук бере турган жылуулук алмаштыргыч. «Ысык» жылуулук ташыгычтын бети менен тийишкенде регенератор бети жылыйт, «муздак» бети менен тийишсе, аны жылытуу менен өзү муздайт. Регенератор мезгилдүү жана үзгүлтүксүз иштөөчү болуп айырмаланат. Мезгилдүү иштөөчү регенератор кыштан курулган бир нече камерадан турат да, аларга кезек-кезеги менен ысык түтүндүү газ, ысытылган аба же газ түрүндөгү отун берилип турат. Үзгүлтүксүз иштөөчү регенератордо газ чөйрөсүнүн ичине жайгаштырылган аба патрубогу айланып турат. Мезгилдүү регенератордо аба 1000–1200°Сге, үзгүлтүксүздө 400°Сге чейин ысытылат. Регенератор мартен жана айнек эриткич мештерде, домна мештеринин аба ысыткычтарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]