Регламент

Википедия дан

Регламент (фр. reglament; лат. regula – эреже)

  • 1) мамлекеттик органдын, мекеменин, уюмдун (мисалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүнүн тартибин аныктаган эрежелердин жыйындысы.
  • 2) жыйындарды, конференцияларды, курултайларды алып баруунун тартиби.
  • 3) кээ бир эл аралык конгресстердин жана конференциялардын актыларынын аты, мисалы, Вена Р., 1815-ж.).

Регламент (фр. règlement) – палата же бир палаталуу парламенттин ички уюмун жана формасын, ошондой эле депутаттын укуктук абалын жөнгө салуучу убактылуу же туруктуу жоболордун жыйнагы. Ал палата тарабынан бекилип, принциби жана белгилелери конституциялык ж. б. закондо көрсөтүлгөндүктөн, аны конституциялык көзөмөл органдары гана жокко чыгара алат. Ал эми палатада Регламентти сактай турган атайын комитет түзүлөт. Мындан тышкары кандайдыр бир мекеме, уюм ж. б. органдар же жыйын, конференция, сессия, съезддин күндөлүк тартиби, эл аралык конгресс, конференциянын аталышы (мисалы, 1815-жылдагы Вена Регламенти); милдеттүү түрдө ишке ашырыла турган документтер (мисалы, техникалык) да Регламент деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9