Регресс

Википедия дан

Регресс (лат. regressus - кетенчик- төө) - өнүгүүнүн жогорку деңгээлден төмөнкүсүн карай жылган түрү.

Регресстин мазмуну бузулуу процесстеринен, уюштуруунун начарлашынан, тигил же бул милдетти аткарууга жарамдуулук жоголуудан келип куралат. Регресс өспөй калуу, жарамсыз формаларга жана структураларга кайрылуу учурларын да кучагына алат. Ал багыты боюнча прогресске карама- каршы. Бирок экөө өтмө катар байланышка ээ. Системанын жалпы прогрессчил өнүгүшүндө айрым Регресс тик кубулуштар болушу же жалпы Регресстик өзгөрүүлөрдө анын айрым бөлүктөрү прогрессчил багытын сактап калышы мүмкүн. Коомдун өнүгүшү бир кылка болбойт. Реакциячыл күчтөр утурумдук үстөмдүккө ээ болушу мүмкүн. Бирок түпкүлүгүндө мурункулардын мыкты касиеттерин өзүнө топтогон прогрессчил күчтөр жеңет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.