Регрессия

Википедия дан

Регрессия ыктымалдык теориясында жана математикалык статистикада кандайдыр бир у чоңдуктун орточо маанисинин башка бир же бир нече х чоңдуктарына көз карандылыгы. Эгерде y=f(x) функция көз карандылыкта хтин ар бир маанисине у тин белгилүү бир гана мааниси туура келсе, регрессиялык байланышта х чоңдугунун бир эле маанисине ар кандай кокустукка карата у чоңдугунун ар башка маанилери туура келет. Эгер х=х чоңдугунун ар бир маанисине у чоңдугунун уа..., уш болгон п. маанилери туура келсе, анда у,=(уи+... у.п.) – п. арифметикалык орто санынын х. ге көз карандылыгы регрессия аныктайт. Мындай көз карандылыкка мисал катары, карагайдын орточо диаметринин бийиктигине көз карандылыгын көрсөтүүгө болот. Ыктымалдык теориясында регрессия талдап изилдөө, бирдиктүү ыктымалдуу бөлүштүрүүгө ээ болгон х жана у кокус чоңдуктары өз ара ыктымалдык көз карандылык менен байланышкандыгына негизделген. Регрессия түшүнүгү жалаң кокус чоңдуктар үчүн гана эмес, кокус векторлор үчүн да колдонулат. «Регрессия» терминин алгачкы жолу англис статистиги Ф. Гальтон 1886-жылы колдонгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]