Регтайм

Википедия дан

Регтайм (англ. ragged – тегиз эмес, жыртык, time – синкопалык ыргак) - фортепьянодогу аткаруучулук багыт жана ал багыт менен байланышкан фортепьянолук пьесалар жанры.

19-кылымдын акырында калыптанган. Регтайм башаты катары банжодо ойноодогу аткаруучулуктун кээ бир ыкмалары, кэк-уок бийи кызмат аткарган. Регтаймдын негизги өзгөчөлүгү - сол колдун партиясындагы ирээттүү бир ыргактык бирдиктин оң колдун партиясындагы төкмөлүк мүнөздөгү, эркин синкопалуу тема менен тең келишкендигинде. Регтаймдын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн И. Ф. Стравинскийдин он бир аспап үчүн жазган чыгармасынан байкоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.