Режавалиев Абдулатип Маматасанович

Википедия дан

Режавалиев Абдулатип Маматасанович – КРнын 5-чакырылышынын депутаты Режавалиев Абдулатип Маматасанович

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1961-жылдын 1-июлунда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айлында туулган. Жогорку билимдүү. 1984-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүрүп, агроном адистигине ээ болгон. Эмгек жолун 1978-жылы Сузак районундагы «Коммунизм» колхозунда колхозчу болуу менен баштаган. 1984-жылдан 1990-жылга чейин «Коммунизм» колхозунда тамекичилик бригадасынын бригадири болуп иштеген. Андан кийин Сузак райондук аткаруу комитетинде нускоочу, «Эркин» колхозунда башкы агроном, ошол эле райондун «Москва» кохозунда партиялык комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу, текшерүү комиссиясынын төрагасы,. 1992-1998-жылдар аралыгында «Коммунизм» колхозунда тамеки ферменттөөчү цехтин башчысы болуп эмгектенген. Ал эми 2006-жылга чейин жеке ишкер болуп жүрүп, 2006-жылдан тарта «Мариям» ЖЧК директору болуп иштеп келген. 2004-жылы Сузак айылдык кеңешинин жана Сузак райондук кеңешинин депутаты болгон. 2010-жылдын октябрь айында «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин боюнча комитетинин мүчөсү.Бир катар мыйзамдардын автору.

интернеттеги булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

www.kenesh.kg