Режиссёрдук искусство

Википедия дан

Режиссёрдук искусство, режиссура бардык жагы бири бирине шайкеш келип, көркөмдүк жактан биримдикке жетишкен оюн-тамашаны (драмалык же музыкалык спектакль, кинофильм, цирк же эстрада оюну) жаратуу өнөрү. Режиссёр өзүнүн ниетиндеги көркөм планына ылайык пьесаны же сценарийди, опера же балет либреттосу менен партитураларын тескеп-териштирип, аларды оюнга катышуучулардын аң-сезимине жеткирип, аткаруучуларды эстетикалык жактан бириктирет; спектаклдин идеялык мазмунун, жанрын жана сырткы формасын ачып, ыргакты, мизан-сценаны, арена менен эстраданы пайдалануу мүмкүндүгүн белгилейт, кейипкерлердин мүнөзүн, кино менен телекөрсөтүүдө кадр, монтаж түзүлүшүн айкындайт. Режиссёр оюндун бардык компоненттерин: жасалгасын, музыкасын, жарык кылынышын жана артисттин чыгармачылыгын, кийимин өз ара шайкеш келгидей кылып уюштурат. Режиссёрдук искусствонун элементтери байыркы заман театрларында да болгон. Режиссёрдук искусство 19-кылымдын 2-жарымында драма театрында пайда болгон. Анын калыптануу мезгили Германиядагы Мейнинген театры, Париждеги А. Антуандын, Берлинде О. Врамдын эркин театрлары, Лондондогу «Көз карандысыз театр» менен тыгыз байланыштуу. Бирок бул театрлар али натурализм элементтеринен толук арылган эмес. Москва көркөм академиялык театрын негиздеген К. С. Станиславский менен В. И. Немирович-Данченко гана режиссёрдук искусствонун жаңы реалисттик принциптерин ишке ашырган. Москва академиялык көркөм театрынын режиссурасы орус жана дүйнөлүк режиссёрдук искусствонун өнүгүшүнө зор салым кошкон. Режиссуранын өсүү жолу айрыкча И. Э. Мейерхольд (Россия), Г. Крэг (Улуу Британия), М. Рейн хардт (Германия), совет театрында Н. П. Акимов, Е. Б. Вахтангов, А. Ахметели, Н. П. Охлопков, Батыш Европа театрында Б. Брехт, Ж. Вилар, М. Планшон, кыргыз театр өнөрүндө О. Сарбагыьиев, А. Свистунов, М. Рыскулов, Н. Молчанов, Ж. Абдыкадыров ж. б. ишмерлердин чыгармачылыгы менен байланыштуу. Театр менен катар кинодо да режиссёрдук искусство өнүгүп, Д. Bepmoe, С. А. Герасимов, А. П. Довженко, В. И. Пудовкин, М. И. Ромм, С. М. Эйзенштейн, С. И. Юткевич ж. б. кинорежиссёрлордун эмгектери дүйнөлүк кинематографияга таасирин тийгизди. Кыргыз кино искусствосунун өнүгүшүнө В. М. Пронин, Т. Океев, Б. Шамшиев, М. Убукеев, Г. Базаров, Л. Турусбекова, Б. Саруулу, Актан Арым Кубат (Абдыкалыков), Э. Абдыжапаров ж. б. режиссёрлордун салымы зор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]