Резервуар

Википедия дан

Резервуар (латынча reservo – сактайм) – суюктук, газ сактала турган чоң көлөмдүү идиш. Металл, темир-бетон, чанда таштан, жыгачтан (убактылуу сактоо үчүн), полимер материалдан жасалат. Резервуар цилиндр, призма, сфера формасында болуп, жер үстүнө, жер астына курулат. Вертикаль цилиндр формасындагы резервуарлар көп колдонулат. Резервуар зат сакталчу жайга жараша жылуулукту жана нымды өткөрбөгөндөй жасалат, ички бети атайын материалдар (мисалы, кислотага туруктуу) менен капталат. Резервуар жылыткыч, сактагыч ж. б. клапандар, арматура, кабыл алгыч, жөнөткүч түзүлүштөр, тазалагыч жабдуулар менен жабдылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]