Резина

Википедия дан

Резина (лат. resina – чайыр) – табигый жана синтездлеген каучуктарды вулканизациялоодон алынган зат. Вулканизациялана турган резина аралашмасынын негизги компоненттерине синтездик жана табигый каучук, вулканизациялоочу зат, вулканизацияны ылдамдаткычтар, активаторлор, толтургучтар, диспергаторлор, жумшарткычтар, эскиртпөөчүлөр, чарчатпоочу заттар, антиозонаттар, боёктор ж. б. кирет. Кандай резина алынарына жараша ингредиенттердин түрү жана саны ар кандай болот. Татаал рецепт боюнча алынган резинада (шина, транспортёр тасмасын алуучу) 15–20 ингредиент болот. Резина пайдалануу шартына жараша төмөнкүдөй топторго бөлүнөт: жалпы керектелүүчү буюм алынуучу (-50°Сден +150°Сге чейин температурага чыдамдуу); жылуулукка чыдамдуу (150°Сден жогорку температурада колдонулуучу резина), суукка чыдамдуу – (50°Сден төмөнкү температурада колдонула турган), майларга, бензинге туруктуу, агрессивдүү чөйрөгө туруктуу, радиацияга туруктуу (рентген аппаратынын тетиктери, радиоактивдүү изотоптор менен иштөөчүлөрдүн кийимдери), диэлектрдик (кабелдерди изоляциялоо) резина болуп айырмаланат. Резинанын касиетин аныктоочу негизги материал каучук болуп саналат. Каучукту вулканизациялоо үчүн кукурт, органикалык өтө окистер (мисалы, бензоилдин өтө окиси), эпоксид жана алкилфенолформальдегид чайырлары, диазобирикмелер, диаминдер ж. б. бифункциялуу бирикмелер колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]