Резистор

Википедия дан

Резистор (лат. resisto - каршылык көрсөтөм) - электр тизмегинин токту жана чыңалууну жөнгө салуу максатында токко белгилүү каршылык көрсөтүүчү структуралык элементи.

Резистор радиоэлектрондук түзүлүштөрдүн тетиктеринин көпчүлүгүн түзөт. Кээ бир Резистор температураны өлчөөгө колдонулат, бул учурда температуранын таасиринен металлдардын (платина, жез) электр каршылыктарынын өзгөрүү касиети пайдаланылат. Резистор эталондук каршылык катары кеңири пайдаланылат. Өнөр жайда чыгарылган Резистор каршылыктын номиналдуу маанисинен четтөөгө (0,25%тен 20%ке чейин) жол берилген каршылыктардын мааниси (1 омдон 10 Момто) жана кубатынын азайышы (0,01-150 Втка чейин) боюнча айырмаланат.

Резистор каршылыгы анын ток өткөрүүчү бөлүгүнүн физикалык касиеттерине жана өлчөмдөрүнө байланыштуу аныкталат. Ток өткөргүч бөлүгү жасалган материалга жараша Резистор металлдык, көмүр тектүү, суюктуктуу, карапа жана жарым өткөргүчтүү болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.