Резонанс

Wikipedia дан

Резонанс (латынча resono – үн чыгарып жооп берем) – аргасыз термелүүчү системанын (осциллятордун) амплитудасынын кескин чоңоюу кубулушу. Механикалык жана акустикалык резонансты Г. Галилей, электр-магнит системасындагы резонансты Ж. Максвелл ачкан. Жөнөкөй учурда резонанс тышкы күчтүн жыштыгы (ώ) менен системанын өздүк жыштыгы (ώ0) барабар болгондо (ώо)=( ώ 0) пайда болот. Мисалы, жипке же пружинага асылган т массалуу жүк. Осциллятордун күүлөнүшүнөн, анын ылдамдыгы и күчтүн F багыттарына дал келип, ал мезгилдин ичинде кошумча энергия алуу менен термелүүнүн амплитудасы чоңоёт. Мезгилдүү F=F0cosώt күчүнүн негизинде осциллятордун термелиши дифференциалдык теңдеме менен жазылат: х+ах+ со„ x=f0<at. Мындан, маятник үчүн (о20 =g/l, <х=у/т, f0=F0/m, ал эми электр контуру үчүн =1 /LC, a=R/L, f0=e0/L болот. Термелүү амплитудасынын тышкы күчтүн жыштыгына болгон көз карандылыгы резонанс ийри сызыгы деп аталат. Термелүүлөрдүн чоң амплитудаларында осциллятор сызыктуу эмес болуп калат, анын өздүк термелиши синусоида болбойт. Сызыктуу эмес термелүү системасынын өзгөчө тобунда энергиянын жоголушун толуктоо менен өчпөөчү термелүүлөр, автотермелүүлөр алынат. Резонанс радиотехникада радио кабылдагычты керектүү толкунда иштетүү үчүн пайдаланылат. Ал эми айрым механизмдерде пайда болгон резонанс зыяндуу. Аны болтурбоо чаралары көрүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]