Резорцин

Википедия дан

Резорцин, м-диоксибензол, мүнөздүү жыттуу, түссүз кристалл, мол. масс. 110,1; эрүү 1110,8°С; кайноо 1280°С; суу, спирт, эфирде эрийт. Р. күчтүү калыбына келтиргич. Р. карбон кислоталары менен цинк хлориди катышуусунда ацилдешүү реакциясына оңой кирет. Бул реакция өндүрүштө антисептик 4-гексилрезорцин алууда колдонулат. Суюлтулган НNО3 менен реакцияланып стифин кислотасын пайда кылат. Р. сапаттык аныктоодо темир хлориди менен кочкул көк, шарап кислотасы менен кызгылт көк түстөрдү пайда кылат, ал эми санын аныктоодо фурфурол менен жүргөн реакциясында пайда болгон затты массалык метод менен аныкташат. өндүрүштө Р. м-бензосульфок-тасын щелочь менен балкып эритүүдөн алынат. Р. аналитикалык хим-да цинк, коргошун жана башка элементтерди, кант, фурфурол, лигнинди калориметриялык ыкмада аныктоодо, өндүрүштө полимерлер, азобоёктор, жарылгыч жана дары-дармек заттар, эриткичтерди алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]