Мазмунга өтүү

Рейнталь Павел Яковлевич

Википедия дан

Рейнталь Павел Яковлевич, орус армиясынын полковниги, аскер чалгынчысы, Чыгыш Түркстанда, Кыргызстандын аймактарын мыкты билген. Кыргыздардын коомдук башкаруу институттары, айрым каада-салттары, фольклору боюнча маалыматтарды жазып калтырган. Павел Яковлевич Рейнталь 1840-ж 10-январда Лифляндия губерниясында тектүү дворяндын үй бүлөсүндө туулган. Орусташкан немис үй бүлөсүндо төрөлүп, билим алган. Агасы Владимир Рейнталь Россия империясынын армиясынын талантуу артилестиреринин (замбирекчи) бири, генерал-лейтенанты болгон. П.Я.Рейнталь Сибирь кадет корпусунан жана Михайловский артилериялык академиясынан (1863-ж.) билим алган. Аскер кызматын ар кандай округдарда улантып, 1867-ж. Жети-Суу аскер губенаторунун жардамчысы, капитан, 1871-ж. Сыр-Дарыя областык билим берүү комиссиясынын мүчөсү болгон. 1871-ж. Кулжа райондук 1-участканын башчысы, 1873-ж. Копаль уездинин аскер начальниги, 1874-ж. Верный чебинин артилериясынын сарбазы, Новогеоргиевка чебинин начальниги катары кызмат өтөгөн. Орто Азия изилдөөчүлөр коомунун мүчөсү, 1882-ж. 29-декабрда безгектен каза табат. 1886-ж. Кашкарга «дипломатиялык тапшырма» менен атайын сапарда болгон. Чыгыш Түркстандагы аскердик-саясий кырдаал, административдик-башкаруу системасы, экономикасы, армиясы, Якуб-бектин мамлекети боюнча өтө маанилүү маалыматтарды топтогон. Ал атайын сапар учурунда – «Из путевых заметок о Нарыне и Кашгаре» аттуу эмгекти жазган; анда Россия менен кошуна турган Чыгыш Түркстандын абалы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн Ч.Ч.Валихановдон кийинки Кашкар боюнча аскердик-чалгын иликтөөлөрдөн болуп эсептелет. 1875-ж. П.Я.Рейнтальды Кашкардагы Россия империясынын консулу катары дайындоо маселеси каралат. Арийне, 18771878 жж. Кытай Чыгыш Түркстанды басып алгандан соң, бул маселе белгисиз мөөнөткө жылдырылган болучу. 1875-ж.Кашкарга Якуб-бек менен түзүлүүчү соода жана жашыруун макулдашууга кол коюга акылуу болгон дипломатиялык миссияны жетектейт. П.Я.Рейнтальдын милдетине Якуб-бектин мамлекети боюнча аскердик-статистикалык, кашкар-англис саясий жана аскердик байланыштары тууралуу маалыматтарды жыйноо максаттары да кирген. Ошол учурдагы Түркстандын генерал-губернатору К.П.фон-Кауфманга П.Я.Рейнталь тарабынан жиберилген каттарда Кашкар аскерлеринин саны, куралдануусу, аскердик даярдыгы, азык түлүк абалы, бул аскерлерди даярдаган чет элдик инструкторлор ж.б. маселелер бонча аскердик маанси өтө зор каттарды жөнөтүп турган. Ээлеген кызматына ылайык П.Я.Рейнталь жергиликтүү калктын каада-салты, жашоо шарты, традициялары боюнча жакындан тааныш болгон. Басымдуусу кыргыз жана казактар боюнча маанилүү маалыматтарды кагаз бетине түшүргөн.

Негизи эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Несколько дней в Кульдже. – ВСб., 1866. – № 9
  2. О поездке, совершенной капитаном Рейнталь // ИИРГО. – 1869. – Т. V. – С. 39–42
  3. Барометрические определения высот в Тянь-Шане // Там же. – С. 97 (соавт. Буняковский)
  4. Из путевых заметок о Нарыне и Кашгаре // ВСб., 1870. – № 7–8
  5. Киргизские песни // Вестник Европы. – 1874. – № 12
  6. По поводу статьи г. Загряжского о народном самоуправлении у кара-киргиз // Семипалатинские областные ведомости. – 1871. – № 21–23 (То же // ТВ. – 1871. – № ; МСТК. – 1874. – Т. III. – С. 372–383)
  7. Копия с рапорта полковника Рейнталя Туркестанскому генерал-губернатору, 7 мая 1875 г. [о миссии в Кашгар] // АВПРИ. Ф. 1–9, 1875. Д. 8. Л. 24–29
  8. То же, 24 мая 1875 г. // Там же. Л. 30 – 60 об.
  9. То же, 16 июня 1875 г. // Там же. Л. 61–77
  10. Миссия полковника Рейнталя к Якуб-беку Кашгарскому, 1875 г. // ЦГАРУ. Ф. 715. Оп. 1, 1875 г. Д. 62. Л. 262–283.

Адабияттар жана булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Послужной список полковника Рейнталя П. Я. // РГВИА. Ф. 400. Оп. 12. Д. 12600
  2. Венюков М. И. Новейшие русские исследования по Азии. Поездка в кашгар Рейнталя // ИИРГО. – 1875. – Т. XI. – Кн. 5
  3. Басханов М. К., Колесников А. А. Армия Восточного Туркестана в период правления Якуб-бека (1865–1877) // Вестник Академии Наук КазССР. – 1988. – № 1
  4. Кронгардт Г. К. Кыргызстан в трудах дореволюционных немецких исследователей. – Бишкек, 1999. – С. 20–21, 80–81.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015