Рекреациялык ресурстар

Википедия дан

Рекреациялык ресурстар – калктын эс алуу жана туризм боюнча керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган ресурстардын бардык түрү; коомдун рекреациялык муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу табигый жана антропогендик объектилер. Ага табигый комплекстер жана алардын компоненттери (рельеф, климат, өсүмдүктөр, көлмөлөр), маданий-тарыхый эстеликтер (Коллизей, Египет пирамидалары, Улуу Кытай дубалы ж. б.), шаар ж. б. калктуу конуштар, өзгөчө техникалык курулуштар (Эйфель мунарасы ж. б.) кирет. Рекреациялык ресурстар курорттук, ден соолук чыңдоочу, спорттук, экскурсия-туристтик, социалдык-маданий ж. б. болуп бөлүнөт. Кыргызстан рекреациялык ресурстарга өтө бай: Ысык-Көл чөлкөмү, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Сары-Челек, Ала-Арча сыяктуу ажайып кооз жерлер арбын жана Таш-Рабат, Бурана ж. б. тарыхый-маданий эстеликтер да көп.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]