Ректификация

Википедия дан

Ректификация – кайноо темп-расынын айырмалуулугуна негизделип суюктуктар бөлүү процесси. Суюк жана буу абалындагы фазалар бири-бири менен бир нече ирет аракетке келип, аспаптын ар бир бөлүктөрүндө таза суюктуктар алынат. Буу фазасы төмөнкү темп-рада, ал эми суюк фаза жогорку температурада кайноочу компоненттер менен байыйт. Аппараттын үстүнкү жагында негизинен төмөнкү темп-ра да кайноочу компонент чогулуп, ал буу түрүндө дефлегматорго берилет. Дефлегматордо буу суюктукка айланып, анын бир бөлүгү кайрадан аппаратты азыктандырууга флегма катары берилет, калган бөлүгү таза фракциялар катары жыйналат. Р. процесси атмосфералык, ашыкча басымда жана вакуумда өткөрүлүшү мүмкүн. Колонкалар-насадкалуу, тарелкалуу жана пленкалуу болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]