Рекультивация

Википедия дан

Рекультивация – антропогендик факторлордун натыйжасында бузулган айлана-чөйрөнү атайын технология колдонуп, калыбына келтирүү иш-чаралары. Анын негизги максаты – ландшафтты, топуракты, өсүмдүктөрдү жакшыртуу. Кен казылган, токойлор көп кыйылган, чоң-чоң шаарлар курулган жерлердин баштапкы абалынын бузулушу рекультивация жүргүзүүгө алып келет. Мында эки этапта техникалык (казылган аңдарды көмүү ж. б.) жана биологиялык (агротехникалык жана фитомелиорация) иштер жүргүзүлөт. Максатка ылайык рекультивация табиятты жана рекреациялык ресурстарды коргоо, токой менен сууну сактоо өңдүү багыттарга бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]