Релаксация

Википедия дан

Релаксация (латынча relaxatio – алсыздануу, азаюу) – көптөгөн бөлүкчөлөрдөн турган физикалык системадагы термодин. жана статикалык тен салмактуулуктун пайда болуу процесси. Релаксация – көп баскычтуу, башкача айтканда системанын бардык параметрлери (температура, бөлүкчөнүн координата боюнча бөлүштүрүлүшү ж. б.) бир эле ылдамдык менен тең салмактуулукка умтулушпайт. Сандык мүнөздөмөсүн релаксация убакыты аныктайт. Релаксациянын теориясы газдагы бөлүкчөлөрдүн кагылышуусу менен калыбына келтирилүүчү газдарга карата иштелип чыккан. Бөлүкчөлөр кагылышканда энергия жана импульстары алмашылат. Кагылышуу жыштыгы жана алмашуу эффективдүүлүгү кагылышуу ыктымалдыгы аркылуу туюнтулат. Түрдүү бөлүкчөлөрдүн кагылышуудагы энергиясы жана импульстардын алмашуу ыктымалдыгы ар кандай. Суюктуктагы жана катуу заттардагы жай релаксация гидродинамиканын, диффузиянын ж. б. теңдемелери менен жазылат. Кванттык суюктуктарда жана кристаллдарда кинетикалык коэффициент квазибөлүкчөлөрдүн кагылышуу ыктымалдыгы аркылуу туюнтулат. Релаксация фазалык өтүү менен коштолот. Магниттик релаксация магниттелиш жана кайра магниттелиш процесстеринде пайда болот. Ал магниттик резонанс сызыгынын туурасын жана магниттик кабылдоочулуктун дисперсиясын аныктайт. Магниттик релаксация заттын структурасына жана анын химиялык курамына көз каранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]