Релелүү система башкаруу

Википедия дан

Релелүү система башкаруу - эч болбогондо реледей бир звеносу бар автоматтык башкаруу системасы.

Башкаруучу түзүлүш реледей болгондо Релелуу системада башкаруучу элементтин киришиндеги сигнал белгиленген бир мааниге жеткенде башкаруучу таасир кескин (секирик турдо) өзгөрөт. Кээде реле мүнөздөмөлүү башкаруучу түзүлүш бир эле учурда кубаттуулукту күчөткүч болуп да йш аткарат. Башкаруучу түзүлүш катары электр магниттүү, электрондуу, пневматикалык ж. б. типтеги реле колдонулат. Релелуу системасы сызыктуу эмес автоматтык башкаруу системасына кирет. Анткени, жөндөөнүн туюк тизмеги убакыттын берилген удулунда эмес, реленин киришиндеги сигналдардын амплитудасына жараша бириктирилип жана ажыратылып турат.

Релелуу системасы эки позициялуу жана коп позициялуу болуп бөлүнөт. Релелуу системасынын өзгөчөлүгү анын жөнөкөйлүгүндө жана арзандыгында. Ал ар түрдүү технол. процесстерди башкарууда кецири керектелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.