Рельефтин антропогендик формалары

Википедия дан

Рельефтин антропогендик формалары - адамдын чарбалык аракетинен пайда болгон же өзгөргөн рельеф.

Пайда болушу боюнча стихиялуу жана атайын болуп бөлүнөт. Биринчи түрүнө чарбаны туура жүргүзбөгөндүктөн пайда болгон аңдар, тоо шилендилери, сайроондор, жылма кумдар, чуңкур жерлер кирет. Рельефтин мындай түрлөрүнүн көбөйүшүнөн айрым өлкөлөрдүн жери өтө өзгөрүп, суу режими начарлады, айдоо аянттары азайып, кунардуулугу төмөндөдү.

Рельефти атайы өзгөртүү мелиорация жана курулуш иштери менен байланыштуу. Антропогендик рельефке зыяндуу, бирок аргасыздан пайда болгон формалар (карьер ж. б.) да кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.