Ремонт

Википедия дан

Ремонт (французча remonte, remonter – оңдоо, толуктоо, кайра жыйноо), оңдоо – 1) машиналардын жана шаймандардын (жабдыктардын) иштебей калган бөлүктөрүнүн ишке жөндөмдүүлүгүн жана түгөнгөн ресурсун калыбына келтирүү процесси. Техникалык түзүлүштөрдү ремонттоо конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө, бузулган тетиктерине, анын жешилишине жараша күндөлүк (майда), орто жана капиталдык (чоң) болуп айырмаланат. Күндөлүк ремонтто бузулган бир аз түйүндөр же тетиктер алмашылат же оңдолот, ошондой эле иретке келтирилет. Орто ремонтто тетиктер бир аз ажыратылып каралып, алардын техникалык абалы текшерилет, кээде айрым бөлүктөрү капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Муну көчүп жүрүүчү же стационардык тейлөөчүлөр жүргүзөт. Капиталдык ремонт – оңдоонун толук жана эмгекти көп талап кылуучу түрү. Аны ремонттоочу ишканалар стационардык шартта жүргүзөт. Механизм толук бириндетилип, тетиктери текшерилет жана сынгандары алмаштырылат да кайрадан кураштырылат. Механизм иретке келтирилип, сыноодон өткөрүлөт. Орто жана күндөлүк ремонттун чыгымдары ишкана продукциясынын өз наркына киргизилет. Коомдук өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кымбат капиталдык ремонттун ордуна көбүнчө жаңы, жакшыртылган жабдуу, шайманды пайдалануу арзан түшөт; 2) негизги фондулардын (өндүрүш каражаттарынын) керектөө наркын жана жеке пайдаланылуучу буюмдарды бир аз же толук калыбына келтирүүгө байланыштуу техникалык-экономикалык жана уюштуруучулук чаралар жыйындысы. Негизги фондуларды ремонттоонун бардык түрү пландуу, алдын алуу иретинде жүргүзүлөт. Алдын алуучу тейлөө жана көзөмөлдөө үчүн пландаштырылган уюштуруучулук жана тез чаралар негизги фондуну мөөнөтүнөн мурда жөнөтүүгө жана аварияга учуратпоого, пайдаланууга жарактуу абалда кармоого багытталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]