Рентгенография

Википедия дан
Балдарды рентгендик изилдөөдө колдонулуучу кыймылдатпай кармоочу кошумча жасалгалар.

Рентгенографиярентген нурларынын жардамы менен изилденүүчү орган же ткандын элесин рентген плёнкасына түшүрүү; рентген-диагностикасынын негизги ыкмасы.

Төштүн рентгени

Көбүнчө сөөк-булчуң системасынын абалын изилдөөдө колдонулат. Рентгенографияда сөөктөрдүн контуру, структурасы, бири-бирине карата жайгашышы так көрүнөт. Сөөктө бузулуу процесси жүргөндө анын контуру бузулат, структурасында өтө тыгыз же арасында ачылган жерлер билинет. Сынык сөөк контурунун өзгөрүүлөрү, сынган жерлердин бири-биринен жылып кеткени боюнча аныкталат. Рентгенография документ катары дарылоо мекемесинде сакталат жана кийинки же мурдагы изилдөөлөр менен салыштыруу үчүн керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8