Рентген Вильгельм Конрад

Википедия дан

Рентген Вильгельм Конрад (27. 3. 1845, Германия, Ремшайд, – 10. 2. 1923, Мюнхен) – He-Men, физиги. Цюрихтеги Жогорку техникалык мектепте окуган (1865–68). 1868-жылы Цюрих университетинен докторлук даража алган. Вюрцбург (1870) жана Страсбург (1872) университеттеринде ассистент, Хоэнхеймедеги жогорку айыл чарба мектебинде (1875), Страсбург (1876), Гисен (1879), Вюрцбург (1888, 1894-жылдан анын ректору), Мюнхен (1900) университеттеринде профессор. 1895-жылы Х-нуру деп аталган нурланууну ачкан жана биринчи болуп рентген түтүкчөсүн жасаган. Рентгендин негизги эмгектери кристаллдардын пьёзо-электрдик жана пироэлектрдик касиеттерин изилдөөгө, кристаллдардагы электрдик жана оптикалык кубулуштардын ортосундагы байланышты түзүүгө, магнетизм боюнча окууга арналган. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1901). Эмгектери: Weitere Beobachtungen iiber die Eigenschaft der X-Strahlen, «Sitzungsberichte der kSniglichen Aka-demie der Wissenschaften zu Berlin», 1897, S. 576–595.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]