Рентген камерасы

Википедия дан

Рентген камерасы – изилденүүчү үлгүдө рентген нурунун дифракциясы учурунда пайда болуучу сүрөттөлүштү (фотоплёнкага тартылган) каттоо жолу менен заттардын атомдук структурасын изилдөөгө жана текшерүүгө арналган прибор.

Рентген структуралык анализде, материалдардын рентгенографиясында, рентген топографиясында колдонулат. Рентген микроскобунын арналышы – Брегг – Вульф шартына ылайык рентген нурларынын дифракция шартынын аткарылышын камсыз кылуу жана рентгенограмма алуу. Рентген микроскобу үчүн нурлануу булагы болуп, рент-ген түтүгү кызмат кылат. Арналышына жараша Рентген микроскобунын конструкциясы түрдүүчө болот. Мис., монокристаллды, поликристаллды изилдөөчү камера, рент-ген топографиясы үчүн камера, Рентген гониометри, кичине бурчтуу рентгенограммаларды алуучу камера ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]