Рентген нурларынын дифракциясы

Википедия дан

Рентген нурларынын дифракциясы – кристаллдарда, аморфтуу нерселерде, суюктуктарда жана газдарда рентген нурлануусунун серпилгичтүү чачыроосунда пайда болуучу жана алгачкы нурга белгилүү бурч боюнча таралган четтөөчү нурдан турган кубулуш.

Түрдүү атомдордун электрондорундагы биринчи нурлануунун чачырашында пайда болгон экинчи толкундардын арасындагы мейкиндик когеренттүүлүгү менен рентген нурларынын дифракциясы шартталган. Нурлануунун толкун узундугу жана заттагы атомдордун арасындагы аралыктын катыштары менен аныкталуучу кандайдыр бир багыттагы бирдей фазадагы нурдан турган экинчи толкундар жыйналып, натыйжада күчтүү дифракциялык нурду түзөт. Дифракциялык сүрөт фотоплёнкада калышы мүмкүн; анын көрүнүшү объектинин структурасына жана эксперименттик ыкмага көзкаранды болот. Рентген нурларынын дифракциясын биринчи эксперименттик жол менен кристаллдардан 1912-ж. М.Лауэ, В.Фридрих, П.Книппингдер табышкан жана бул рентген нурларынын толкундук жаратылышына далил болот. Рентген нурларынын дифракциясы кристаллдарда өтө так туюнтулат. Кристалл рентген нурлануусу үчүн табигый үч өлчөмдүү дифракциялык торчо болуп эсептелет. Дифракциялык максимумдун багыты Лауэнин шарты менен канааттандырылат: a(cosα–cosα0)=nλ, b(cosβ–cosβ0)=kλ, c(cosγ–cosγ0)=lλ. мында a,b,c – үч ок боюнча кристаллдык торчонун мезгили; α0, β0, γ0 – түшкөн нурдан пайда болгон бурчтар, ал эми α, β, γ − кристаллдын огу менен чачыраган нурлардан пайда болгон бурчтар; n, k, l – бүтүн сандар (Миллер индекстери).

Дифракцияланган нур бардык чачыраган нурлануунун бир бөлүгүн түзөт. Кристаллдын түзүлүшүнүн мезгилдүүлүгүнүн бузулушунан нурлануунун бөлүгү когеренттүү эмес чачырайт жана изотроптуу фонду түзөт. Мындан башка l нын өзгөрүшү менен комптон чачыроосу байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]