Рентген спектрлери

Википедия дан

Рентген спектрлери – рентген нурларын нурдантуу жана жутулуу спектрлери.

Рентген түтүгүндө алынуучу рентгендик нурлануунун спектрлерин изилдөө үчүн кристал-анализатордуу спектрометрлер колдонулат. Рентген спектрлерин каттоо үчүн рентгенофотоплёнка жана нурланууну иондоштуруучу ар кандай детекторлор пайдаланылат.

Рентген түтүгүнүн нурландыруу спектри тормоздоо (токтотмо) жана мүнөздөө Рентген спектрлеринин катталышынан турат. Тормоздук спектрдин интенсивдүүлүгү бомбардировкалануучу бөлүкчөлөрдүн массаларынын азайышы менен тез көтөрүлүп, электрондор тарабынан дүүлүктүрүү аркылуу жогорку чоңдукка жетет. Тормоздук Рентген спектрлери − туташ спектр, анткени тормоздук нурлануу кезинде бөлүкчө өзүнүн энергиясынын каалагандай бөлүгүн жоготуп коюшу мүмкүн. Ал бардык толкун узундуктары λ боюнча кыска толкундуу чекке λ0=hc/eU дейре үзгүлтүксүз жайланышкан (h − Планк турактуулугу, e − бомбардировкалануучу бөлүкчөнүн заряды, с − жарык ылдамдыгы, U − ал өтүүчү потенциалдардын айырмасы).

Бута материалдын атомдук катар номуру өскөн сайын жыштык дагы көбөйөт. Бөлүкчө чоң энергия менен бутага согулганда анын атомдорунан электрондорду бөлүп чыгарат. Мындай атомдордун калган электрондору кабыкчалары боюнча кайра бөлүштүрүлөт. Электрон чоң энергиялуу кабыкчадан аз энергиялууга өткөндө ашык энергия фотон түрүндө бөлүнүп, сызыктуу Рентген спектрлерин пайда кылат. Бул кубулуш бутанын материалына жараша болуп, мүнөздөмө спектр деп аталат. Рентген спектрлери рентген-спектроскопияда, рентген-структуралык анализде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]