Рентген телескобу

Википедия дан

Рентген телескобу – космостук рентген нурлануу булактарынын убактылуу жана спектрдик касиеттерин изил-дөөчү, о. эле бул булактардын координаталарын жана алардын сүрөт-төлүштөрүнүн түзүлүшүн аныктоочу прибор.

Рентген телескобу рентген нурлануусу 0,1ден жүздөгөн кэВ болгон фотондордун энергиясынын e диапазонунда, б. а. 10 нм ден жүздөгөн үлүштөгү нмге чейинки интервалдагы толкун узундукта иштейт. Бул толкун узундуктагы аймакта астрономиялык байкоо жүргүзүү үчүн Рентген телескобун ракета же Жердин жасалма спутниги менен жер атмосферасынын чегинен өткөрүү керек, антпесе рентген нуру атмосферада жакшы жутулат. Нурлануусу ε >20 кэВ де аэростат менен ~30 км бийиктиктен байкоо жүргүзсө болот.

Рентген телескобу менен: 1) рентген фотондору жогорку тактыкта катталат; 2) заряддалган бөлүкчөлөр гамма-фотондордун аракетинин натыйжасында алынган сигналдардан энергиянын керектүү диапазонуна түшкөн фотондордун дал келгендерин бөлүп алат; 3) рентген нурлануусунан келген багыт аныкталат. Рентген телескобунун 0,1–30 кэВ диапазону үчүн фотон детекторунун милдетин газ аралашмасы (Ar - CH4, Ar + CO2 же Xe + CO2) толтурулган пропорциялаш эсептегич аткарат. Газдын атомунун рентген фотонун жутушу фотоэлектронду (к.Фотоэлектрондук эмиссия), оже-электрондорду, флуоресценттик фотондорду (к.Флуоресценция) нурландыруу менен коштолот. Фотоэлектрон жана оже-электрон газдын иондошуусунда өзүнүн энергиясын тез жоготот, флуоресценттик фотондор да фотоэффектинин негизинде газдарга тез жутулат. Бул учурда пайда болгон электрон-иондук түгөйдүн толук саны рентген фотонунун энергиясына пропорциялаш болот. Башкача айтканда анод тизмегиндеги токтун импульсу боюнча рентген фотонунун энергиясы калыбына келтирилген.

Кадимки шартта Рентген телескобу заряддалган бөлүкчөлөрдүн кубаттуу агымы жана түрдүү энергиядагы гамма-фотондор менен нурландырылат. Мында Рентген телескобунун детектору нурлануунун изделүүчү булагынан чыккан рентген фотондору да кошо катталат. Жалпы фондон рентген фотондорун бөлүп алуу үчүн антидал келүү ыкмасы (к. Дал келүү ыкмасы) колдонулат. Рентген нурлануусунун космостук булактары ар түрдүү. Күндүн рентген нурлануусу 1948-ж. АКШда атмосферанын жогорку катмарына ракета алып чыккан Гейгер санагычынын жардамы менен ачылган. 1962-ж. Р.Жиакконинин тобу ракетадагы санагычтан күн системасынан рентген нурлануусунун биринчи булагын (“Скорпион Х – 1”), о. эле галактикадан тышкаркы көрүнүштөгү диффузиялык рентген фонун табышкан. 1966-ж. ракетадагы эксперименттин натыйжасында 30га жакын дискреттүү рентген булагы ачылган. Атайы сериялдардагы ЖЖСтин (“УХУРУ”, “Ариэль”, “САС-3”, “Вела”, “Коперник”, “ХЕАО” ж. б.) орбитага чыгарылышы менен Р. т-нан түрдүү типтеги жүздөгөн рентген булактары (“галактикалык, галактикадан сырткары” созулуңку жана компакттуу, туруктуу жана өзгөрмөлүү) табылган. Космостук рентген булактарынын басымдуу көпчүлүгү рентген астрономиясына чейин белгилүү болгон объектилерге такыр окшошпойт, алардан укмуштуудай зор энергия бөлүнүп чыгуусу менен айырмаланат. Галактикалык рентген булактарынын жарыктанышы 1036–1038 эрг/сек га жетет, бул Күндөн бөлүнүп чыккан энергиядан 103–105 эсе көп. Галактикадан сырткары булактан жарыктаныш энергиясы 1045 эрг/сек болгон нурлануу катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]