Рентген түзүмдүк талдоо

Википедия дан

Рентген түзүмдүк талдоо ― рентген нурунун дифракциясын талдоого негизделип, заттын түзүлүшүн изилдөө ыкмасы.

Рентген түзүмдүк талдоонун негизи – рентген нуру менен заттын электрондорунун өз ара аракеттешүүсүнөн чыккан дифракция. Рентген нуру менен алынган дифракциялык сүрөт ар кандай факторлорго (берилген заттын атомдук түзүлүшүнө, андагы деффектилерге, эң негизгиси рентген нурунун толкун узундугуна (λ) көз каранды. Рентген түзүм талдоонун жардамы менен заттардын кристалл торчолорунун тиби, андагы атомдордун жайгашуу мүнөзү, зат атомдорунун чоңдуктары, атомдор арасындагы аралыктар, өз ара аракеттешүү күчтөрү жана алардын өлчөмдөрү, заттын фазалык курамы, текстурасы, андагы ар кандай деффектилер (чекиттик деффект, дислокация ж. б.) аныкталат. Бул ыкма аркылуу металлдардын, куймалардын, минералдардын, органикалык жана органикалык эмес бирикмелердин, суюктуктардын, газдардын ж. б. көп сандаган аморфтук нерселердин түзүмү изилденет. Рентген түзүмдүк талдоодо негизинен монокристаллдардан алынуучу лауэграммалар, поликристаллдардан алынуучу дебаеграммалар, полимерлерден, аморфтук заттардан, суюктуктардан, газдардан алынуучу ар кандай дифракциялык сүрөттөр изилденип, алардын түзүмдүк түзүлүштөрү аныкталат. Бул талдоодо кристаллдык нерселердеги рентген түзүмдүк талдоо жогорку жана төмөнкү температурада заттардын фазаларынын, өтө жогорку басымдагы заттын түзүмүнүн өзгөрүшүн, радиоактивдүү нурланууга дуушар болгон нерселердин түзүмдүк түзүлүшүн ж.б. өзгөчө абалдагы өзгөрүүлөрдү изилдейт. Бул изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн көптөгөн ыкмалар (Лауэ методу, үлгүнү термелтүү жана айландыруу методу ж.б.), рентген камерасы жана рентген дифрактометри колдонулууда.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]