Рентген түтүгү

Википедия дан

Рентген түтүгү – рентген нурлануусунун булагы болгон электрвакуум прибору.

Ал катод чыгарган электрондордун аноддун заттары менен өз ара аракеттешүүсүнөн пайда болот. Рентген түтүгүндөгү электр талаасы ылдамдаткан электрондордун энергиясы акырындап рентгендин нурлануу энергиясына өтөт. Рентген түтүгүнүн нурлануу спектри рентген спектринин токтотмо спектри, ал эми электрондордун жетиштүү энергиясында ага аноддун затынын мүнөздөмө спектри коюлган.

Рентген түтүгү рентген структуралык анализде, рентген спектрдик анализде, дефектоскопияда, рентген-терапиясы менен рентген диагностикасында, рентген микроскопиясында, микрорентгенография менен рентген литографиясында колдонулат. Колдонуу областына карата Рентген түтүгү конструкциясынын тиби, электрон агымын алуу ыкмасына жана фокусталышы, вакуумдалышы, аноддун суутулушу, фокустун өлчөмү жана формасы ж. б. боюнча айырмаланат. Рентген түтүгүнө каңдалган термо-эмиссиялуу катоддуу, суу менен муздатылма аноддуу, электрондуу электр-статикалык фокустоочу Рентген түтүгү кеңири колдонулат. Рентген түтүгүнүн термоэмиссиялуу катоду электр тогу менен кызытылган вольфрам зымынан жасалган спираль же түз жип түрүндө жасалат. Жогорку энергиялуу жана интенсивдүү рентген нурлануунун туташ токтотмо спектрин алуу үчүн Au, W аноду колдонулат; структуралык анализде Рентген түтүгүнүн анодуна Ti, Cr, Fe, Co, Ni, Cu, Mo, Ag пайдаланылат. Рентген түтүгүнүн негизги мүнөздөмөсү – чегине жеткен ылдамдатуучу чыңалуу (1 – 500 кВ), электрон тогу (0,01 мА–1 А), анод чачыратуучу салыштырма кубаттуулук (10–104 Вт/мм2), жалпы керектелүүчү кубаттуулук (0,002Вт–60 кВт).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]