Рентинг
Рентинг (англ. renting ) – машиналарды жана жабдууларды кыска убакытка ижарага алуу. Р-дин лизингден олуттуу айырмачылыгы ижарачынын ижара мөөнөтү аяктагандан кийин машиналарды жана жабдууларды сатып алууга укугу жок. Аларды оңдотуу боюнча чыгымдарды тартуучу рентинг коому машиналар менен жабдуулардын ээси болуп саналат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7