Реофилдер

Википедия дан

Реофилдер (грекче rheos – агым жана phileo – жакшы көрөм) – өзөн, дарыя ж. б. агын суу да жашоого ыңгайлашкан жаныбарлар тобу. Алардын катарына суу агымын жеңүү экологиялык ыңгайланууларга ээ түрлөр (хариус ж. б.) кирет. Реофилдин айрымдары агын сууларда өмүр бою жашаса, калгандары мезгилге жараша байырлашат. Алар көбүнчө суунун булганганын билгизүүчү биоиндикатордун ролун аткарышат. Шар аккан сууларда өсүүчү өсүмдүктөр (реофиттер) тасмадай жалбырактуу жана суу түбүндөгү субстратки бекем бекиген болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]