Репатриация

Википедия дан

Репатриация (орто кыл. лат. repatriatio – мекенге кайтып келүү) – башка мамлекеттин аймагына түшүп калган кишилерди (ар кандай себептерден улам), алар жараны болгон, туруктуу жашап турган же чыккан өлкөсүнө кайтарып берүү. Адатта, бул эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат (м: согуш туткундарын бошотуу), бирок келишимден тышкаркы Р. да болушу мүмкүн. Мындай шарттарда ал кызыкдар мамлекеттин (мамлекеттердин) мыйзамдарында алдынала каралуусу тийиш. Жарандыгын өзгөрткөнүнө (жаңысын кабыл алганына) байланыштуу Р. тандап алуунун (оптациянын) бир түрү катары болушу ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]