Репер

Википедия дан

Репер (французча гереге – белги, алгачкы чекит) – 1) математикада – бир тегиздикте жатпаган жана белгилүү тартипте алынган, эсептөөнүн башталышы координата системасынын башталыш чекитинде жаткан сызыктуу көз каранды эмес векторлордун жыйындысы. Мейкиндиктеги векторлор үчүн бир тегиздикке параллель эмес ар кандай үч вектор репер боло алат. Эгерде реперди түзгөн векторлор түгөйлөш ортоганалдуу болсо, анда ортогоналдуу репер деп аталат, векторлордун узундугу бирге барабар болсо, орто нормаланган репер болот; 2) геодезияда – абсолюттук бийиктиги белгилүү пункттун белгиси. Ал урчуктуу темир диск (же көзөнөктүү марка) түрүндө болуп, жерге орнотулган бетон монолиттерге же көпкө пайдаланылчу курулуштун дубалына бекитилет. Репер фундаменттүү жана катардагы болуп бөлүнөт. Фундаменттүү репер ар бир 50–80 кмден кийин жерге орнотулат. Катардагысы ар бир 5–7 кмде жайгаштырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]