Репродукция

Википедия дан

Репродукция (французча  reproduction – кайра жасап чыгуу) – көркөм сүрөт өнөрүндө – кичирейтилген масштабда полиграфиялык каражаттар менен көркөм түп нусканы массалык түрдө кайра тартып чыгаруу. Технологиялык процессте түп нусканы автору катышпай аткарылган өндүрүштүк Р-нын эң маанилүү түрлөрүнө цинкография, офсет, терең ракелдик басма, гелиогравюра, фототипия кирет. Гелиогравюра, фототипия Р-нын эң кынтыксыз деп табылган ыкмалары болуп саналат жана гелиогравюра түп нусканы түрдүк (тон) жактан эң так жана кылдат кайра иштеп чыга алат, бирок бул ыкма аз колдонулат, себеби гелиогравюра кол станокто абдан жай жасалат. Ал эми фототипия аз гана тиражда басылат жана өндүрүш шарттарына чоң талап коёт. Азырынча эң кеңири тараган Р. түрүнө болгон түрдүк (атония) жана штрих цинкографиясы кирет. Эң кынтыксыз деп табылган терең ракелдик басманын пайда болгонуна («Советтер Союзу» журналында колдонулган) аз эле убакыт болду. Р. тармагында келечеги кең түрлөргө фотолитография жана офсеттик басма кирет. Полиграфиялык каражаттар менен аткарылган жана көркөм түп нусканы кайра иштеп чыккан жекече оттиск да Р. деп аталат. Мында оттисктер кандайдыр бир китептин, альбомдун бир бөлүгү болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]