Рерих мөңгүлөрү

Википедия дан

Рерих мөңгүлөрү, Салык мөңгүлөрү – Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жанаша жаткан өрөөн тибиндеги эки мөңгү. Аламүдүн суусунун алабынан орун алган. узундугу 4,5–4,8 км, аянты 3,0– 3,2 км2. Башы деңиз деңгээлинен 4300–4180 м, этеги 3680–3320 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4000–4480 м. Абляциясынын аянты 2,2–2,4 км2. Мөңгүнүн тилин морена каптап жатат. Андан Салык суусу башталып, Аламүдүнгө оң жактан куят. Мөңгүлөр орус живописчилери Николай Константинович жана анын уулу Святослав Рерихтердин ысымдарынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]