Республикалык элдик партия

Википедия дан

Республикалык элдик партия - Кыргыз Республикасындагы саясий партиялардын бири.

Уюштуруу конференциясы 1992-ж. 5-сентябрда болгон. Мамлекеттик официалдуу каттоодон 1992-ж. 16-декабрда өткөн. Негизги максаттары — туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн республикадагы экономикалык, социалдык жана саясий жактан стабилдештирүү, көз карандысыз кыргыз мамлекетин түзүү, адам укугу үчүн күрөш ж.б. Партиянын социалдык курамын: интеллигенттер, өнөр жай кызматчылары, илимдин жана маданияттын өкүлдөрү түзөт. Орус тилине улуттар аралык тил статусун берүүнү колдошот. Партиялардын жолугушууларына жигердүү катышат. Мамлекеттик бийлик органдары менен биргелешип иш алып барышат.

1994-ж. 22-октябрында болгон баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого элдик партиянын өкүлдөрү активдүү катышкан. 1995-ж. 5-февралдагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен экөө депутат болуп шайланышкан; Ж.А. Тентиев жана Ю.Тойчубеков партиянын Координациялык Борборунун төрагасы академик Ж.Ш. Шаршеналиев болгон. Кийинки мезгилдерде саясий аренада көрүнбөй калды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8