Реставрация

Википедия дан

Реставрация, кайра калыбына келтирүү (латынча restauratio – калыбына келтирүү) – көркөм сүрөт искусство тармагында – бузулган же эскирген көркөм чыгармаларды илимий ыкма менен, аларды мүмкүн болгон максималдык тактыкта жаңыртуу жана көпкө сактоо максатында кайра калыбына келтирүү. Мисалы, живописти реставрациялоо лак катмарын алмаштырууну, автордук эмес оңдоолорду тазалоону, боёк катмарын бекемдөөнү, жарылган, айрылган жерлерин бүтөөнү, жаңы негизге көчүрүүнү, дублирлөөнү өз ичине камтыйт. Боёк катмарынын анча чоң эмес кетилген жерлерин ошол чекте оңдоп тартуу (ал эми майлуу живописте башка боёк материалы менен тартып туруп, лактап коюу) каралган. Алдыңкы реставраторлор чоң ийгилик менен рентгенография, люминесценттик ыкма, псектрофотография, макро жана микрофотография жана башка колдонушат. Орус көркөм искусствосунун көптөгөн эң мыкты чыгармалары мына ошол реставраторлордун жетишкен ийгиликтери аркасында жоголуп кетүүдөн сакталып, экинчи жашоосун жашап жатышат (мисалы, И. Репиндин «Иван Грозный жана анын уулу Иван» картинасынын боёк катмарына 900дөн ашуун майда бекемдөөлөр, оңдоолор жасалган). Кээде толук эмес, айрым бөлүктөрү сакталып калган көркөм чыгармалардын реконструкциясы да Р. аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]