Референт

Википедия дан

Референт ((англ.. refer - салыштыруу, таянуу, лат, referentis - салыштыруучу, тиешелүү кылуучу) - объективдүү чындыктын сүйлөөчүнүн кебинде туюнтулган предмети, кубулуш-көрүнүшү, айтым туюнткан түшүнүктүн мазмунун атаган нерсе референциянын предмети.

Референт реалдуу чындыктын гана эмес, ойдон чыгарылган дүйнөнүн объектиси да болушу мүмкүн, мис., көркөм чыгармалардагы каармандар.

Көп эмгектерде денотат менен бирдей каралып жүрөт, бирок бул эки түшүнүктүн мазмуну айырмачылыктарга ээ. Предметтик тиешелүүлүк Референтти белгинин маңызына (маани, концепт, сигнификат), ал эми кептик аракет менен карым-катышта турушу денотатка каршы коѐт. Кээде "денотатка" жакын маанилерди туюндуруу үчүн "виртуалдык Референт", "семантикалык Референт" деген терминдер колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4