Рефлексия

Википедия дан

Рефлексия:

  • 1. Ой-жүгүртүү, өзүн-өзү байкоо;
  • 2. Философияда бул адамдын өз иш аракеттерин жана алардын мыйзам ченемдүүлүктөрүн аңдап билүүге багытталган теориялык ишмердигинин формасын билдирет.

Ал эми окутууда болсо, бул мугалимдин тапшырманы аткаруудан мурун анын шарттарын өзү тандаган окуучулардан кайталап сураган ыкманы билдирет. Ал муну:

  • 1) бардык нускоолордун туура түшүнүлгөндүгүн текшерүү үчүн;
  • 2) окуу¬чулар тапшырманы жакшылап кунт коюп угушу үчүн;
  • 3) окуучулардын көңүлүн тапшырманы аткарууга буруу үчүн жасайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]